НАТУФ МАДАНИЯТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАТУФ МАДАНИЯТЫ — мезолит мезгилинен калган археол. маданият. Палестина тарыхый обл­нун, ошондой эле азыркы Сирия менен Түштүк Түркиянын аймагында биздин заманга чейинки 10-8-миң жылдыкта тара­ган. Вади-эн-Натуф д-нын боюндагы Шукба үңкүрүнөн (Иерусалимден 27 км түндүк-батышта) алынган (1928-32) табылгаларга таянып, англ. археолог Д. Гэррод ачкан. Натуфтуктар негизи­нен үңкүрдө, кээде үстү ачык жер кепеде жашап, аңчылык, балыкчылык, жыйноочулук менен күн көрүшкөн. Бара-бара алгачкы дыйканчылык маданиятына өтүшкөн. Изилдөөчүлөрдүн көбү дүйнөдөгү эң эзелки жөнөкөй дыйканчылык Н. м-нын тушунда эле пайда болгон деп божо­молдошот. Н. м-нын убагында микролит курал­дары, таш орок, соку, сокбилек, сөөк дегээ жана кайырмактар колдонулган.