НАТУРФИЛОСОФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАТУРФИЛОСОФИЯ (немисче Naturphilosophie) - жаратылыш жөнүндөгү философиялык окуу; жаратылыш­ты бүтүндөй алып карап, жалаң гана карандай ой жорууга салып чечмелөө, түшүндүрүү. Н. ти­гил же бул өлчөмдө табият таануу илимдери иштеп чыккан түшүнүктөргө таянат. Н. менен та­бият таануунун чектери жана анын философия­дагы орду тарыхта алмашылып келген. Н. бай­ыркы заманда маанилүү ролду ойногон, иш жүзүндө ал философиянын алгачкы тарыхый формасы болуп саналган. Байыркы грек натур­философтору жалпы эле илимдин тарыхында өтө маанилүү роль ойногон гипотезаларды көтө­рүп чыгышкан, мисалы, атомистика гипотезасы.

Тарыхтагы Кайра Жаралуу доору Н-нын кеңи­ри кулач жайып өсүшүнө алып келди. Механикалык, табият таануу илимдеринин изилдөөлөрүндө техникалык кара­жаттарды колдонуу мурда болуп көрбөгөндөй масштабга жетиши Н-ны 2-планга сүрүп чыгар­ды. Ал эми азыркы кездеги эксперименттик табият таануунун теориялык жалпылоо кудуретинин өсүшү, табият илимдеринин, ИТРдин соңку жетишкендиктерине таянган концепциялары Н-нын андан ары өз бет алдынча жашашына чекит койду.