НАТУРАЛДЫК САН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАТУРАЛДЫК САН - математиканын негизги түшунүктөрүнүн бири, башкача айтканда каалаган бутүн оң сан. Н. с. көптүктөр элементтерин саноодо пай­да болгон. Ондук эсептөө системасында каала­ган Н. с-ды п=ак-10к+ак 1-1ОА"1+...+а11О+ао тү­рүндө жазууга болот, мында к - Н. с., Одөн 9га чейинки эсептөө системасынын цифраларынын бири. Н. с-дардын көптүгү N тамгасы менен бел­гиленип, N={1, 2, 3, ..., п, ...} деп жазылат. Эгер а саны Н. с-дардын көптүгүнө тиешелүү болсо, анда ал аеА деп жазылат, мында «е» тиешелүү деген белги. Эгер а саны Н. с-дардын көптүгүнө тиешеси жок болсо, анда ал а е N деп жазылат. Н. с-дардын N көптүгү төмөнкүдөй касиеттерге ээ: 1еА, пеАден п+1еИ келип чы­гат; эгер пеЫ болсо, анда п+1 болгон учурда гана тг-1еА орундалат; эгер М бул N көптүгунун бө­лугү болсо, анда: 1еМ, пеМ тиешелүүлүктөрү­нөн п.+ 1еА келип чыкса, М=Н болот. Н. с-дар­дын суммасынан, айырмасынан жана көбөйтүндү­сүнөн Н. с. (бүтүн сан) келип чыгат, к. Натурал­дык катар, Сан.