НАТРИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАТРИЙ (латынча Natrium), 1Ча - элементтердин мезгилдик системасынын I тобундагы химиялык эле­мент. Катар номери 11, атомдук массасы 22,99. Щелочь металл­дардын катарына кирет. Жаратылышта турук­туу бир изотобу (23Ца) бар. 1807-ж. англ. хи­мик Г. Дэви, Н. гидроксидин (NaOH) электро­лиздөөдөн алган. Таралышы боюнча 6-орунду ээлейт. Ар кандай минералдардын курамында, жер кыртышында, эритмелер түрүндө океан, деңиз, көл, агын сууларда кездешет. Н. - жум­шак, ак, күмүш түспөл жеңил металл. Ат. ра­диусу 1,86 А; иондук радиусу 0,92 А; тыгызд. 0,96 г/см?\ балкып эрүү 1 97,8°С; кайноо 1 880°С. Би­рикмелериндеги окистенүү даражасы +1. Химиялык активдүүлүгү өтө жогору болгондуктан, реак­цияга жеңил кирет. Абада бат окистенгендик­тен, керосинде сакталат. Н. кычкылтек менен түздөн-түз аракеттенип, оксид Иа2О жана перок­сидди Ца2О2, суу менен реакцияга кирип, Н гидро­оксидин NaOH жана Н2пайда кылат. Суутек менен кошулуп гидридди NaH берет. Ошондой эле галоген­дер, күкүрт, азот жана көмүртек менен кошулуп, тийиштүү бирикмелерди пайда кылат. Туздары­нын бардыгы сууда жакшы эрийт. Ал NaCl же NaOHты электролиздөөдөн 2МаС1 -> 2Ма+ + С12; кээде көмүртек менен калыбына келтирүү менен алы­нат: 4НаОН + 2С = 2Иа + Ма2СО3 + СО + 2Н2, Куймалары авиация кыймылдаткычтарында, ядролук энергетика түзүлүштөрүндө жылуулук алып жүрүүчү катары, металлургияда, органикалык син­тезде ж. б. тармактарда колдонулат. Н. адам­дын жана жаныбарлардын организминдеги ми­нералдык алмашууга катышат. Осмос басымын, кислота-щёлочтук тең салмактуулукту ж. б. сактоодо мааниси чоң. Медицинада Н. дары-дар­мектеринен 1Ма28О4, NaCl, ИаНСО3 ж. б. кеңири колдонулат.