НАСОС СТАНЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАСОС СТАНЦИЯСЫ — сууну керектүү бийик­тикке көтөрүп, тийиштүү жерге жеткирүүчү ги­ротех. курулма, машина жана механизмдер жы­йындысы. Ал суу менен камсыз кылуу, канализа­ция системаларына кирет; нефть жүргүчтөрүндө да пайдаланылат. Ал мелиорациялык (сугат тармагына суу берүүчү жана кургатылчу жерден сууну алып чыгуучу), суу м-,н камсыз кылуучу (суу жүргүч тармакка суу берүүчү) жана канали­зациялык (ыплас сууну алып чыгуучу) Н. с. болуп айырмаланат. Н. с-нын имараты жер үстүндө, жарым-жартылай жерге киргизилет жана жер астына орнотулат. Анда гидромех.

не­гизги (негизги насостор, жөндөгүч, ченегич ж. б. аппаратурасы бар түрдүү түтүктөр), кошумча (вакуумдук, май жана техникалык май берүү насостору, кургатуучу жана дренаж насостору, жүк көтөргүч кран, таль ж. б.), санитариялык-техникалык (желдеткич, жы­лыткыч ж. б.), ремонттук (ширеткич аппарат, станоктор) жабдуулар жайгашкан. Блоктуу, камералуу жана көчмө-калкыма болуп айырма­ланат. Н. с. кол менен, автомат жана телемехани­ка аркылуу башкарылат. Кыргызстанда бОтай ири жана майда Н. с. иштейт, мисалы, Токтогул Н. с., Куланак Н. с. ж. б.