НАСИР ХОСРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАСИР ХОСРОВ Абу Муин аль-Кубадияни аль­Марвази (1004, Балх ш-на жакын Кубадиян кыш. - 1072(1088), Бадакшан, Йомган кыш.) - тажик жана фарсы акыны, философ, дин кыз­маткери. 1046-52-ж. Египетке саякаттап «Сая­кат китебин» жазган. Кайтып келгенден кийин Балх ш-нан еретик катары айдалган. Өмүрүнүн акыркы жылдары Бадакшанда (Памир) өт­көн. Адабий мурасы - диний-философиялык трактат­тар, 12 миң бейттен турган диван жана «Ровша­найи-наме» аттуу поэма. Анда Исмаилиддердин идеологиясын чагылдырган. Н. X. сарай ырчы­лар поэзиясын сындап, талоончул селжук фео­далдарынын бетин ачкан. Н. X. философиялык касый­да жана дидактикалык поэма жанрын өнүктүруүгө чоң салым кошкон.