НАСЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАСЕР Гамаль Абдель, Гамаль Абд ан Н а с и р (15. 1. 1918, Египет, Асьют провинция­сы, Бени-Мур ш. - 28. 9. 1970, Каир) - Египет­тин мамлекеттик жана саясий иш­мери, 1939-ж. Каир аскер окуу жайын (1939), Генерал­дык штабдын аскер колле­жин (1942) бүткөн. Египет жана Судан аскер бөлүктө­рүндө кызмат өтөгөн. 1948- 49-ж-дагы Араб-Израиль согушуна катышкан. 1949- 52-ж. подполковник наа-

мында Египет генералдык штабынын аскер коллежинде мугалим. 1949-ж. «Эркин офицерлер» жашыруун саясий уюмунун негиздеп жана жетектеп, 1952-ж. 23-июлда мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырган. 1953-ж. премьер-ми­нистрдин орун басары, 1954-56-ж. премьер-ми­нистр, ошол эле убакта президенттин кызма­тын да кошо аткарган. 1956-жылдын июнь айы­нан Египеттин президенти. 1958-жылдан Би­риккен Араб Респ-нын (Сирияны кошкондо) президенти. 1956-ж. Египетке каршы багыттал­ган Англия-Франция-Израиль агрессиясына каршы көтөрүлгөн египет элинин күрөшүн же­тектеген. 1956-жылдан Египет куралдуу күчтө­рүнүн башкы командачысы. Өлкөнүн экономи­касын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурган. Н. улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшкөн араб элдеринин биримдигин катуу колдогон. 1963- жылдан Араб социалисттик союзунун (1964). төрагасы. Араб өлкөлөрүнө каршы уюштурулган Из­раиль агрессиясынын натыйжаларын жоюу үчүн 1968-ж. 30-мартта атайын Аракет програм­масын иштеп чыккан.