НАРЫН РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН РАЙОНУ — Нарын обл-ндагы администрациялык-аймактык бирдик. Облустун түндүк-чыгыш бөлүгүндө жай­гашкан. Чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Ысык-Көл обл-нун Жети-Өгүз жана Тоң, түндүгү­нөн Кочкор, батышынан Ак-Талаа р-ндору менен чектешет. Аянты 10,5 миң км2 (Нарын обл-нун аймагынын 23,7% и). Калкы 44,8 миң (2010). Ра­йон 1930-ж.

уюштурулуп (1957-ж. ага Куланак р-ну кошулган), 1962-96-ж. Тянь-Шань р-ну аталган. Райондо бир шаар, бир шаарча (Дос­тук), 14 айыл аймагы жана 38 кыштак бар. Бор­бору - Нарын шаары.

Райондун аймагы негизинен Ортонку Нарын өрөөнун жана аны курчап турган тоолорду ээлейт. Өрөөндүн туурасы чыгышында 30 км, батышын­да (Кажырты суусу куйгандан тартып) 85 кмге чейин, таманы чыгыштан батышка карай тө­мөндөйт (2300 лгден 1600 лгге чейин). Нарын д-нын оң жээгине чаптар (бедленд) мүнөздүү. Алар терең, кууш жана тик капталдуу келип, кырты­шы жана өсүмдүгү өөрчүбөгөн, чарбага жараксыз. Аймагында кенен (айрымдарынын туурасы 10 клгге чейин), түз тектирлер да кездешет, алар деңиз деңгээлинен 1700-2500 м бийиктикте жатып, көбүнчө Нарынга куйган ири суулардын боюн­да пайда болгон. Мында райондун айылдары жайгашкан. Аймагынын түндүк бөлүгүн Молдо­Тоо (бийик чокусу 4418 м), Боор-Албас (3980 м), Ителги-Уя (3842 м), Нура-Тоосу (4228 м), Кара­Жорго тоосу (3833 м), Баук (3391 м), Ача-Таш (3980 м), Жетим (4931 м) кырка тоолорунун ас­калуу тик түштүк капталдары жана алардын орто­сун Соңкөл, Солтон-Сары өрөөндөру, ал эми түштүгүн Нарын кырка тоосу (4500 м), Ала-Мы­шык тоосу (3379 м), Кара-Тоо (4066 м), Байбиче­Тоо (3500 м) тоолорунун жантайыңкы беттери жана байыркы түздүктөр ээлейт. Климаты кон­тиненттик, кургак. Июлдун орт. температурасы 17°С, январдыкы -7,4°Сге чейин. Жылдык жаан-ча­чыны 200-300 лглгдей. Райондун аймагынан На­рын д. жана анын куймалары агат. Өрөөндүн куба күрөң топурактуу чөлдүү талаасында негизинен

жарым чөл жана талаа өсүмдүктөрү өсөт. Куру­луш материалдарынын (кум, чопо, гипс) кенде­ри бар. Нарын д-нын жайылмасын тугай то­кою, тектирчелеринде баялыш-шыбактуу чөл, шыбак-ак кылкандуу баялыштуу жарым чөл өсүмдүктөрү, тоо этектерин ар түрдүү чөптүү, дан өсүмдүктүү талаа ээлейт. Нарын-Тоонун түндүк кап­талында (2500-3200 лг) жапалак арча, карагай өсөт. Райондун аймагында Нарын коругу жана Кара-Тал - Жапырык коругу уюшулган.

Райондо облустун калкынын 17,1%и жашайт (2010). Төрөлүүнүн деңгээли орт. (1000 кишиге 26,2), өлүм-житим төмөн (ЮООге 7,8), табигый өсүш - 8,4. Калкынын 99,8% кыргыздар; эмгек жашына чейинкилер 43,4% и, эмгек жашында­гылар 45,7%, эмгек жашынан өткөндөр 10,9%ти түзөт. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 4,3 киши.

Н. р-нун экономикасынын негизин мал чар­басы түзөт. Райондо 2010-ж. 179,7 миң кой жана эчки, 29,3 миң бодо мал (анын ичинде 2,9 миң топоз), 20,6 миң жылкы, 21,7 миң үй канаттуулары болгон. Жалпы жер фондусу 779,8 миң га, анын ичинде айыл чарбага жарактуу жери 477,6 миң га (же­ринин 61,1%). Көпчүлүк жери (451,6 миң га) жайыт. Айдоо аянты 19,0 миң га, анын 17,9 миң гасы сугат жер, 1,1 миң гасы кайрак жер; 2,2 миң га чабынды, 57 га жерге көп жылдык өсүмдүк өстүрүлөт. Дан эгин (3,5 миң га, анын ичинде буудай - 2,2 миң га), картөшкө (1,6 миң га), жашылча айдалган (2010). Токой фондусунун аянты 140,0 миң га. Райондо 12 коллективдүү, 2 мамлекеттик, 5933 дыйкан (фермер) чарбалары иш­тейт. Жалпы ө. ж. өндүрүшүндө электр энергия­сын өндүрүү, тоо-кен өндүрүшү басымдуулук кылат. Район облуста өндүрүлгөн ө. ж. продук­циясынын 69,4% ин берет.

Нарын обл-н экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү максатында «Нарын» эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) түзүлгөн. Анын курамында 36 субъект бар. Н. р-унда «КМК», «Артель - На­рын», «Кенч», «Кумбел - Ресурс» жана «Кербен» чакан ишканалары иштейт. Райондун аймагы­нан Бишкек - Балыкчы - Торугарт _автомо­биль жолу өтөт. Жүргүнчүлөрдүн негизги бөлүгү автобус менен ташылат. Нарын ш-нда троллейбус жүрөт.

Райондо 33 орто мектеп 2 кесиптик-техникалык жана медициналык окуу жайы, 32 китепкана, 24 клуб, бир ра­йондук, 6 участкалык оорукана, 27 ФАП, 4 мон­чо, 4 мейманкана бар. Санитария-эпидемиол. көзөмөлдөө борбору, 11 үй-бүлөлүк врачтары, то­бу, турмуш-тиричилик кызматы, соода ишкана­лары, тамактануу жайлары, базарчалар иштейт.

Райондук «Жибек-Жолу» гезити кыргыз ти­линде чыгат. Райондун аймагында 9 туризм жана эс алуу уюмдары, балдардын ден соолугун чындоочу комплекс, «Салкын-Төр» эсалуужайы ж. б. бар.