НАРЫН ОБЛУСТУК АКАДЕМИЯЛЫК МУЗЫ- КАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН ОБЛУСТУК АКАДЕМИЯЛЫК МУЗЫ­КАЛЫК ДРАМА ТЕАТРЫ М. Рыскулов атындагы 1937-ж. Нарын ш-нда район аралык колхоз-сов­хоз театры болуп ачылган. 1977-ж. СССРдин эл арт. М. Рыскуловдун ысмы берилген. Алгачкы режиссёру М. Койчуманов болгон. 1939-ж. кол­хоз-совхоз театрынын базасында обл. драма театры ачылган, реж. А. Көбөгөнөв. 1949-ж. Ысык-Көл обл. театры менен кошулган, 1957-ж. кайрадан Тянь-Шань обл. драма театры болуп уюшулуп, режиссёр М. Назаралиев кеплш иште­ген мезгилден баштап орус жана дүйнөлүк класси­кага кайрылуу башталган. 1977-ж. 606 орундуу (анын 546 орундуу көрүү залы, 60 орундуу кичи

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театры.

залы) 2 залы бар жаңы имараты ишке берил­генетикалык Бир нече цех, музей ж. б. иштейт. Алгач­кы спектаклдери: «Токтогул» (Ж. Бөкөнбаев), «Саринжи-Бөкөй» (К. Эшманбетов), «Күлүйпа» (К. Маликов), «Таш конок» (А. Пушкин) ж. б.; концерттик программаларды коюшкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында коюлган спек­таклдери: «Орус адамдары» (К. Симонов), «Кур­манбек», «Өч» (К. Жантөшев), «Жаңыл» (К. Ма­ликов, А. Куттубаев) ж. б. Театрда А. Айдара­лиев, А. Темиров, С. Андабеков, К. Карасарто­ва, Ж. Сыдыкбекова, С. Сатыбалдиева, Ж. Са­маков, М. Өмурканова, С. Балкыбекова, С. Жу­маев, С. Өмүралиев, Н. Турсунбаев, А.

Жума­баев ж. б. белгилүү артисттер эмгектенген. Театр 1948-ж. Каракол ш-на көчүрүлүп, кийин 1958-ж. кайрадан уюшулган. Бул учурда театр­да А. Урустенов, 3. Эсеналиева, С. Чечейбаева, Т. Сариев, Г. Мамашева, К. Досмамбетова, Т. Жумакаева, К. Тагаев ж. б. иштешкен. 1962-ж. театр коллективин Ташкент театр институтун бүтүрүүчүлөрү менен жергиликтүү таланттар Кара­кол, Жалал-Абад театрларынын артисттери түзгөн. Реж. М. Назаралиев, Б. Ибраев, Э. Ток­тогулов, Р. Кемпирбаев; композитор Ж. Шера­лиев, сүрөтчүлөр С. Төбөев, А. Абдраевдер Р. Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов», С. Ко­жониязовдун «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө», К. Голь­донинин «Эки мырзанын малайы», В. Вишнев­скийдин «Оптимисттик трагедия», М. Карим­дин «Ай тутулган түндө», Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз», Ж. Турусбековдун «Ажал орду­на», У. Шекспирдин «Отелло», Ч. Айтматовдун «Кызыл жолук жалжалым», К. Жантөшев­дин «Курманбек», Б. Жакиевдин «Миң кыял», Ж. Садыковдун «Жукеев-Пудовкин», Гафур Гу­ламдын «Ташбалта ашык», Н. Давлесовдун «Аста секин, колукту», Т. Абдумомуновдун «Ашырбай», «Атабектин кызы», У. Гажибеков­дун «Аршин мал алан», Н. Гоголдун «Текше­рүүчү» ж. б. пьесаларды ийгиликтүү коюшкан. Спектаклдер концерт менен коштолуп, бүт респ­га гастролго чыгып турган. 1966-, 1973-ж. Фрун­зеде отчёттук гастролдо болушкан. Труппада Кыргыз ССРинин эл арт. К. Медетбеков, Б. Алиев, эл арт. С. Андабеков, Кыргыз ССРи­нин эмг. сиң. арт. - А. Куттубаев, С. Чечейбае­ва, С. Көмөчов, Т. Жумакаева жана С. Сатыбал­диева, Д. Сариев, Г. Абдрахманова, А. Берди­баев, К. Карасартова, арт. А. Абдыласов, А. Дүй­шеев, Э. Сатаров ж. б. иштеген. 1977-жылдан театрдын башкы режиссёру Кыргыз ССРинин искусствого эмг. сиң. ишмери - Э. Токтогулов бол­гон. 1987-ж. театрда А. Сарлыкбеков башкы ре­жиссёр катары Ч. Айтматовдун «Эрте жаздагы турналар», В. Шекспирдин «Отелло», «Король Лир», Д. Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза», Ж Садыковдун «Жукеев-Пудовкинди эскерип» койгон. Башкы режиссёр М. Сагынбаев 1990-жылы Туулган Актановдун «Теңирим Манас», С. Раевдин «Күн кармаган бала», Ч. Айматовдун «Чыңгыз­хандын ак булутун» койгон. 2000-жылдары театрда коюлган спектаклдер: М. Байжиев, «Тил табышкандар»; К. Иманалиев, «Курманжан Дат­ка», «Актриса»; К. Зарлыкова, «Сибирь челнок­тору», «Сүйүү арманы»; Т. Актанов, «Айкөлдүн аманаты» ж. б. Учурда театрда КРдин эл ар­тисти Д. Баратбаева, КРдин эмг. сиң. артистте­ри: Б. Өмүрова, А. Токтомушева, А. Кускаков, Б. Мамытова, К. Мендебаиров ж. б. үзүрлүү эм­гектенүүдө. Ж. Шералиевдин ырлары театрдын сахнасында жаралып, кыргыз улуттук музыка­сынын сахнасын байытып, респ. радионун ал­тын фондуна жазылган. Белгилүү обончулар, С. Түркмөнов, С. Мамбетбаев, М. Алмакунов, К. Досманбетова, К. Тагаев, Э. Мааданбеков, К. Кыязов, К. Абылов ж. б. тарбияланышкан. Директорлору: Р. Курманалиева, А, Султанов, Ш. Мамбеталиева, А. Абдыкапаров, М. Алы­баев, А. Кыязов, А. Жакшылыков. 2008-жыл­дан Нарын обл. академиялык музыкалык драма театры стату­суна ээ. Директору - М. Кыдыралиев, көркөм жетекчиси - КРдин эмг. сиң. арт. А. Кускаков.