НАРЫН (дарыя)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН (моңголчо нарайин - кууш, тар, ичке, кысык деген мааниде) - Кыргызстандагы эң чоң жана суусу мол дарыя, Сыр-Дарыянын оң куймасы. Уз. 534 км (Чоң Нарынды кошкондо 807 км), алабынын аянты 58 370 клг2. Алабы түндүктөн Тескей, Кыргыз, Талас Ала-Тоолору, түштүктөн Какшаал, чыгыштан Ак-Шыйрак, батыштан Фергана кырка тоолору менен чектешет. Ак-Шый­рак кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы Петров мөңгүсүнүн этегинде 3730 м бийиктикте жайгашкан көлдөн Кум-Төр деген ат менен баш­талат да, Ара-Бел-Суу менен кошулуп, Тарагайды (Жаак-Таш) түзөт. Тарагай менен Кара-Сай кошул­гандан кийин Чоң Нарын деп аталып, тектир­челүү жайык өрөөн менен батышты карай агат. Жогорку Нарын ойдуңунун борбордук бөлүгүндө са­лааланып, нугу кеңейип, батышында кайра кууштайт. Бул бөлүгүндө дарыяга Каракол (чы­гыш) жана Улан суулары кошулат. Улан суусу­нун чатынан Айры-Суунун (оң куймасы) кошу­лушуна чейин өтө кууш капчыгай менен агат. Орто Нарын ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө Чоң Нарын Кичи Нарын менен кошулат да, Н-ды түзөт. Мын­да дарыя Нарын ойдуңунун сол жак чети менен кеңдик багытта агат. Бул бөлүгүндө ойдуң ке­нен, тектирчелүү. Сол куймасы Теке-Секирик кошулган жерде гана Н-дын сол жээгиндеги па­леоген-неогендин кызыл түстүү тектери жакын­дашып, кууш өрөөндү пайда кылат. Ала-Мы­шыкты кууш Ак-Кыя капчыгайы аркылуу жан­дап өтүп, түндүк-батыш багытты карай шар агат. Андан төмөн бир нече кмге чейин ойдуң кенен, жээктери жапыз, нугунун туурасы 80-100 лгге жетет. Куланак кыш-на жакын Н. бир нече са­лаага бөлүнүп, майда аралдард-Ы пайда кылат. Аралдар жана дарыя жээктери майда токой менен капталган. Бул бөлүгүндө Н-га Ат-Башы жана Алабуга суулары кошулат. Алабуганын чаты­нан батышты карай 50 км аралыкта Молдо-Тоо менен Ак-Шыйрак (Чаар-Таш) кырка тоолорун бөлүп туруучу кууш (нугунун туурасы 40-50 м)

капчыгай аркылуу агып, Тогуз-Торо ойдуңуна чыгат. Ойдундун борбордук бөлүгүндө жумуру ша­гыл таштуу аралдар жана кумдуу сайроондор менен бөлүнгөн бир нече салаа бар. Тогуз-Торо депрессиясынын батыш бөлүгүндө Н-га Көк­Ирим (сол куймасы) суусу кошулуп, Молдо-Тоо менен Көк-Ирим тоосун бөлүп жаткан кууш кап­чыгай (уз. 40 км) менен түндүктү карай агат. Кап­чыгайдан чыга беришинде эң ири куймасы - Көкөмерен кошулуп, батышты карай чулу тоо тектерден түзүлгөн тектирчелүү кууш өрөөн менен жайылып (туурасы 100-150 мге чейин) агат. Ба­тышты карай өрөөн улам кеңейип, Кетмен-Төбө өрөөнунө чыгат. Мында Н-га Чычкан жана Узун­Акматп суулары кошулат. Н. Кетмен-Төбө өрөө­нүнөн кийин түштүк-батышты карай 100 км ара­лыкта Ат-Ойнок жана Фергана тоолорун бөлүп, антецеденттпик өрөөн менен агат. Капчыгайдан чыккандан кийин түштүккө карай бурулуп, өрөөнү кеңейип, Н-га Кара-Суу (оң) кошулат. Фергана ойдуңуна чыкканда Кара-Дарыя менен кошулуп, Сыр-Дарыяны түзөт.

Н-дын алабында жалпы аянты 1357,8 км2 бол­гон 2074 мөңгү бар. Көбү (70% ке жакыны) Ак­Шыйрак, Тескей Ала-Тоо, Жетим, Борколдой ж. б. кырка тоолордо жайгашкан. Ири мөңгү­лөрү: Петров (аянты 70,6 км2), Түндүк Кара-Сай (49,0 км2) ж. б. Н-дын уз. 10 кжден ашык 330 жана андан чакан 500 куймасы бар. Ири куйма­лары: Кичи Нарын, Он-Арча, Кажырты, Курт­ка, Көк-Ирим, Толук, Көкөмерен, Чычкан, Узун­Акмат, Кара-Суу (оң), Ат-Вашы, Алабуга, Кара­Суу (сол) ж. б. Н. негизинен кар-мөңгү жана бу­лак сууларынан куралат. Апрелде кирип, сен­тябрда тартыла баштайт. Башталышында бир аз бөлүгү кышында тоңот; кышкысын Н-дын көп бөлүгүнө шыргалан жана жээк муздары мү­нөздүү. Жылдык орт. чыгымы Нарын ш-на жа­кын 88,4 м?/сек, эн көбү 232 м2/сек (июль), эң азы 25,2 м3/сек (январь), Фергана ойдуңунда (Үч­Коргон ш. тушта) орт. чыгымы 432 м?)сек, эң көп чыгымы 963 м3!сек (июнь), эң азы 161 м?/сек (февраль). Сугатка (негизинен Фергана ойдунун­да) кеңири пайдаланылат. Н-дан Чоң Фергана каналы башталат. Н. гидроэнергетика ресурста­рына өтө бай; энергиясынын кубаттуулугу боюнча КМШда 7-, потенциалдык ресурсу боюнча Волга­дан кийинки 2-орунда; жалпы кубаттуулугу 6956,3 миң кВт. Н-да Ат-Башы, Токтогул, Үч­Коргон, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Камбар-Ата ГЭСтери иштейт; Боюнан Нарын, Таш­Көмүр, Кара-Көл, Үч-Коргон ш., Достук, Токтогул шаарчалары, Казарман ж. б. кыш. орун алган.

Ад.: Щулъц В. Л. Реки Средней Азии. Л., 1965; Бассейн реки Нарын (физико-географическая харак­теристика). Фр., 1960; Основные гидрогеологические характеристики. Т. 14, в. 1. Л., 1967.