НАРОДНЫЙ
НАРОДНЫЙ — Уралдын эң бийик чокусу. Изилдөө кырка тоосунда. Бийикт. 1894 м. Протерозой заманында жана кембрий мезгилинде пайда болгон кварцит жана метаморфизмделген тоо тектерден турат. Капталдарын кызыл карагай жана сейрек кайың токою, андан жогору тоо тундрасы, мөңгү ээлейт.