НАРОДНИКТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРОДНИКТЕР, элчилдер - 19-к-дын 2- жарымында Россиядагы ар кыл чиндеги интел­лигенттердин кыймылы жана идеологиясы. Рос­сиянын крепостнойлук жана капиталисттик жол менен өнүгүшүнө каршы чыгып, дыйкандар революциясы аркылуу жеке бийлик кулайт деген ише­нимге таянган. Негиздөөчүлөрү - Анын Ичинде Герцен, Н. Г. Чернышевский, идеологдору - М. А. Ба­кунин, Т. А. Лавров, П. Н. Ткачёв. 1860-80- жылдары Н-дин негизги уюмдары - Ищутин ийрими, «чайковчулар», «москвалыктар», «Жер жана эркиндик», «Чёрный передел», «Элэрки» ж. б. пайда болгон. 1870-жылдары «дыйкан революциясын» ишке ашыруу үчүн Россиянын алдынкы жаштары «элге барууну» уюштуруш­кан (ушундан улам Н. же элчилдер деп атал­ган). «Эл эрки» уюму жеке бийликти жок кы­луу, демокр. респ-ны орнотуу максаты менен про­граммасында биринчң жолу саясий күрөштүн зарылдыгын коюшкан. Бирок алар саясий күрөштүн керектигин туура койсо да, аны жеке террор менен ишке ашырабыз деген зыяндуу так­тикага азгырылышкан. 1880-жылдын 2-жары­мы - 1990-жылдын 1-жарымында дыйкандар­дын таптык жиктелишинен (кедей, кулак) жана пролетариаттын революциячыл күрөшүнүн өсүшүнөн улам Н. кулактардын мүдөөсүн көздөгөн либе­ралдык агымга айланган. Алардын программа­сы мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн негизин сак­тоо менен майда өндүрүүчүлөрдүн абалын жакшыр­тууга багытталып, буржуазиялык-реформисттик мүнөз алган. Либерал Н. революциячыл демократизмдин идеологиясынан кол үзүп, Россиядагы бош­тондук кыймылга тескери таасир тийгизген. 1902-ж. Н-дин ар кошкон калдыктарынан эсер­лер партиясы куралган.