НАРК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРК - товар чыгаруучулардын товарды өндүрүүгө жумшалган коомдук эмгеги. Ал өндүрүштө бир товарды башка бир товарга чеге­рип, айырбаштоо аркылуу туюнтулат. Айрым товардын Н. (жекече Н.) аны чыгарууга кеткен коомдук эмгек менен аныкталып, жумуш убакы­ты аркылуу өлчөнөт. Товардын коомдук Н-ы коомдук зарыл жумуш убакыты менен аныкта­лат. Н. товар баасынын негизин түзөт (к. Нарк закону). Жеке менчикке негизделген товар өндүрүшүндө Н. атаандаштык күрөштө чаржа­йыттуулук менен рыноктогу тең салмактуулук аба­лында аралаш (конвергенттик) түзүлсө, эконо­микада мамлекеттик тейлөө эске алынат.