НАРИМАН.

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРИМАН. - Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыштак. Нариман айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 900 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кара-Суу ш-нан 20 км түштүк та­рапта. Ош т. ж. бекетинен 4 км. Калкы 9373 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, оорукана, ФАП, дарыканалар, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматы, үй-бүлөлүк врачтар тобу, тегирмендер, май жуаз, ак жуаздар, соода жайлары, чайка­на, кафе-барлар, базарчалар иштейт. Кыштак­та Социалисттик Эмг. Баатырлары Т. Сулайманов жана И. Каримов туулган.