НАНКИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАНКИН (кытайча Наньцзин)- Чыгыш Кытайдагы шаар. Цзянсу провинциясынын администрациялык борбору. Янцзыд-нын төмөнкү агымындагы порт (деңиз кемелери келет). Калкы 3,4 миллион (2010, шаар агломерациясы менен 4,4 миллион). Жолдор тоо­му. Көп тармактуу машина куруу, металлургия,

Шаардагы эс алуу жайларынын бири.

химиялык (жер семирткич, жасалма була), текстиль, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. ИАнын филиалы, университет, музейлер (анын ичинде тарых ж. б.), обсерватория, Кытай демократ-революционери Сунь-Ятсендин мавзолейи бар. Биздин заманга чейинки 5-к-дан ар түрдүү ат менен белгилүү болуп келген. 1368- 1421-ж. Кытайдын, 1853-68-ж. Көтөрүлүшкө чыккан тайпиндер ээлеп, алар жарыялаган Тай­пин тяньго мамлекетинин борбору, (фарфор му­нара ж. б. тарыхый эстеликтер талкаланган) 1927-37- жана 1946-49-ж. Кытай Респ-нын өкмөтү турган жай болгон. 1937-45-ж. япон аскерлери басып алган. Цисясы кечилканасындагы Шэли­та таш пагодасы (10-к.), Лингусы кечилкана­сындагы «уляндянь» (кыштан салынган «устун­суз сепил») сакталган. Ботаникалык бак уюштурул­ган. Н. аймагынан темир, таш көмүр, пирит ка­зылып алынат.