НАМАТБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАМАТБАЕВ Сагын (15. 3. 1933, азыркы Чүй обл., Москва р-ну, Чоң-Арык айылы - 28. 12. 2001, Биш­кек) - мамлекеттик жана коомдук ишмер, жазуучу жана котор­мочу, милициянын полков­ниги (1976), КРдин маданиятка эмг. сиң. ишмери (1993). 1956-ж. КМУну бүткөн. 1956-58-ж. Ош обл. жатак­мектебинин мугалими, 1958-65-ж. комсомол­дун Ош обкомунда сектор башчысы, секретарь, 1-секретарь, 1965-68-ж. Кыргызстан Лениндик Ком­мунисттик Жаштар Союзунун БКсынын 1-секре­тары, 1968-71-ж. Кыргызстан КП БКда бөлүм баш­чынын орун басары, 1971-72-ж. партиянын Ысык-Көл обкомунда секретарь, 1972-84-ж. КРдин ички иштер министринин орун

басары, 1984-85-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы Пар­тия тарыхы институтунда В. И. Лениндин толук чы­гармалар жыйнагын кыргыз тилинде чыгаруу боюнча Башкы редакциянын жооптуу секретары, 1985-88-ж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редактору, 1988-94-ж. «Мектеп» басма­сынын директору, 1998-99-ж. Бишкек мэринин кеңешчиси болуп иштеген. СССР Жогорку Сове­тинин депутаты (3-чакырылышы). 2 «Ардак Белгиси» ордени менен Сыйланган. «Кыргыз ми­лициясы» энциклопедиясын жана музейин түзүп, ардагерлер кеңешин жетектеген.