НАМАЗБЕКОВ Калыс

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАМАЗБЕКОВ Калыс (9. 5. 1933, азыркы Ысык­Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чычкан кыш. - 1997, ошол эле жер) - малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмг.

сиң. устат (1977). Эмгек жо­лун 1945-ж. жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1956- жылдан Пржевальскидеги (азыркы Каракол) а. ч. тех­никумунда, 1961-жылдан Жети-Өгүз р-нундагы «Ком­мунизм» колхозунун баш чабаны болуп эмгектенген. 1970-ж. короосундагы ар 100 тубар койдон 140тан козу, ар койдон 3,5 кгдан жүн кыркып алууга жетишкен. Ленин, Октябрь Ре­волюциясы ордендери менен сыйланган. Район­дун борбору Кызыл-Суу айылынын бир көчөсүнө ысмы ыйгарылган.