НАМАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАМАЗ - ислам дининин парздарынын (түркүк­төрүнүн) бири (милдеттүү түрдө 5 маал окулчу дуба), адам баласын Алла Таалага жакындатуу­чу ибадат. Араб өлкөлөрүндө салят. сөзү, Түр­кияда, Иранда жана КМШ өлкөлөрүндө түрк сөзү - намаз колдон-улат. Н. окуу менен мусулмандар Алладан күнөөлөрүн кечирүүсүн, туура жолго са­луусун, жардам жана жамандыктан сактоосун суранышат. Мусулмандар жума Н-ды мечитте жамаат менен окушат. Эркектер Н-ды мечитте, аялдар жана балдар үйдө окушат. Н. окуурдун алдында азан айтылат. Н. белгилүү бир убакыт­тарда окулат: 1) таң атканда - таң агаргандан күн чыкканга чейин окулчу намаз - багымдат («салят ас-субх»); 2) түштө - чак түштөн кий­ин, көлөкө жерге түшкөнгө чейин окулчу бе­шим («салят аз-зухр»); 3) түштөн кийин - өзүнүн көлөкөсү түшкөндөн күн батканга чейин окул­чу дигер («салят аль-аср»); 4) кечинде - күн баткандан түн киргенге чейин окулчу шам («са­лят аль-магриб»); 5) түн киргенде - түн кирген­ден таң атканча окулчу куптан («салят аль-ин­ша»), Куранга ылайык, Н-ды чак түштө, күн чыгып келатканда жана батып баратканда оку­ганга болбойт. Н-дын милдеттүү түрдө аткарыл­чу шарттары: 1) даарат же гусул алуу; 2) намаз окулчу жердин таза болушу; 3) кыбыла - адам намазды окуурдун алдында жүзүн кыбылага ка­ратып турушу керек; 4) намазды чын дилинен окуу (каалоо); 5) кийимдин таза болушу.