НАЙРОБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЙРОБИ - Кения Респ-нын борбору, шаар. Шаар айланасы менен Найроби борбордук округун тү­зөт. Экваторго жакын, тайпак тоолуу платодо, деңиз деңгээлинен 1795 м бийиктикте жайгашкан Чы­гыш Африкадагы эң чоң шаар. Калкы 3,1 миллион

ЮМ банкынын баш­кы кенсеси.

(2009). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Н. 1899-ж. негизделген. Ошол эле жылдан Ке­ниядагы Британия ээлигинин администрациялык борбору бол­гон. 1964-жылдан көз каранды эмес Кениянын борбору. Улуттук университет, политех. коллеж, улут­тук театр, драма мектеби (1968), консерватория, Агахан госпиталы (1950-70), маданий борбор (1960), Макмиллан мемориалдык китепканасы, музей (1952), Чыгыш Африканын заманбап иск­во галереясы (кустардык кооз буюмдар) бар. Па­леонтология залынан байыркы аска бетиндеги жазууларды көрүүгө болот. Найроби улуттук пар­кы (анын ичинде жыландар паркы, ошондой эле зебра, анти­лопа, кабылан, арстан, төө куш ж. б. бар) уюш­турулган.