НАЙМАНБАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЙМАНБАЙ Балык уулу (1853, Кетмен-Төбө өрөөнү - 1911, Чүй өрөөнү) - төкмө акын, ма­насчы, сарбагыш уруусунун чоң чарык уругу­нан. Атасы Балыкооз Кумар уулу Кетмен-

Найманбай Балык уулунун Манас архитектуралык­скульптуралык комплексиндеги бюсту.

Төбөдөн Чүйгө келип, «Манасты» 16 жашынан айта баштаган. Н. айткан варианттын «Талас­тын көрүнүшү», «Манастын кээ бир кийимде­ри», «Манастын күмбөзү» деген айрым эпизод­дук үзүндүлөрү Ырыскулбеков Сулаймандан 1923-ж. К. Мифтаков жазып алган. Манас архитектуралык-скульптуралык композициясында 19-к-дагы чоң манасчы Н-дын бюсту бар.