НАЗЫМ ХИКМЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЗЫМ ХИКМЕТ Ран (20. 1. 1902, Грекия, Салоники ш. - 3. 6. 1963, Москва) - түрк акы­ны, коомдук ишмер. Түрк революциячыл поэзиясына негиз салган. Ырлары 1917-жылдан жарыя­лана баштаган. 1921-ж.

СССРге келип, Чыгыш эм­гекчилеринин комму­нисттик университетинде окуган. 1924-ж. Түркияга кайта ба­рып, революциячыл гезит-жур­налдарда иштеген. 1925-ж. кайра СССРге келип, өз өл­көсүнө 1928-ж. жашырын кайткан. Туңгуч жыйнагы 1928-ж. Бакуда чыккан. Түркияда «835 сап ыр» (1929), «Варан-3» (1930), «Үнү бүткөн шаар» (1931), «Түндө келген телеграмма» (1932), «Порт­реттер» (1935) ж. б. ыр жыйнактары, «Жиокон­да менен С-Я - у» (1929), «Бенержи эмнеге өз жанын кыйды?» (1932), «Таранта Бабуга кат» (1935), «Шайык Бедреддин Шимави баяны» (1936) аттуу поэмалары жарык көргөн. «Баш сөөк» (1932), «Өлүк үйү» (1932), «Унутулган адам» (1935) пьесаларын жазган. Рев-чыл чыгар­малары үчүн көп жолу түрмөгө түшүп, 1938-ж. 28 жылга кесилген. Өмүрүнүн 17 жылын камак­та өткөзгөн. Түрмөдө отурганда «Адамдар пано­рамасы» эпопеясын, «Түрмөдөн каттар» түрмө­гүн, «Махабат уламышы» жана «Жусуп сулуу» пьесаларын жараткан. 1950-ж. камактан бошо­нуп, бир жылдан соң СССРге келген. Москвада мыкты ырларын, поэмаларын («Чач саманы, кирпик көгү» ж. б.), пьесаларын («Түркия жөнүндө аңгеме», 1952; «Апенди», 1955), «Ро­мантика» (1963) романын жазган. Н. X. Р. түрк поэзиясынын маз­мунун жана формасын жаңылаган. Чыгармалары дүйнөдөгү көп тил­ге, анын ичинде кыргыз тилине да кото­рулган (С. Жигитов). «Унутулган адам» пьесасы Кыргыз драма те­атрында коюлган.

Ад.: Тверской А. Босфор ырлары. Назым Хикмет жөнүндө аңгемелер. Ф., 1976; БабаевА. А. Назым Хикмет. М., 1975.