НАЗАРОВ
НАЗАРОВ Орзубек (30. 8. 1966-жылы туулган, Кант ш.) - профессионал боксчу, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону (1993-жылдан, жеңил салмак). СССРдин

спорт чебери (1982), Эл аралык класстагы спорт чебери (1984), СССРдин (1985, 1987, 1988), Европанын (1987) чемпиону, КРдин спортко эмг. сиң. чебери (1989). КМДТИни бүтүргөн (1985). 1985- 89-ж. КРдин мамлекеттик спорт комитетинде спорт боюнча инструктор, 1989-жылдан Япониянын «Кю 0 Ей боксин жин» фирмасында иштеген. Дүйнө чемпионатында (1986, Рино ш.) жана дүйнө кубогунда (1987, Белград ш.) 3-орунга ээ болгон. Япониянын 5 жолку, Азия менен Океаниянын 6 жолку чемпиону болгон. Профессионалдык рингде 27 беттешүү өткөрүп, 26сын жеңген, 20сын нокаут менен аяктаган. Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын чемпиону наамына беш жолу ээ болгон. Спортчуга берилүүчү «Алтын кур» сыйлыгынын (1996) ээси. «Даңк» (1997) ж. б. медалдар менен сыйланган. 2008-10-ж. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты. Алгачкы машыктыргычы Г. Ф. Аноприев.