НАЗАРКУЛОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЗАРКУЛОВ Алтыбай (15. 8. 1931-жылы туулган, азыркы Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Көөдүл айылы) - ветеринария илимдеринин доктору (1993), проф. (2000). КРдин эмг. сиң. зоотехниги (1981), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүтүргөн (1953). Кыргыз ССРинин Айыл чарба министрлигинин башкы зоотехни­ги (1953-55), Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунун башкы зоотехниги (1955-58),Ысык-Көл обл-нун Балыкчы р-нундагы «Көк-Мойнок» совхозунун (1958-61), Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы «Кат­та-Талдык» асыл тукум кой заводунун (1961-70) директору, Кыргыз мал чарба ИИИде бөлүм башчы (1971-2007), 2008-жылдан ошол институттун

башкы илимий кызматкери. Негизги илимий багыты Түштүк Кыргызстанда өстүрүлгөн уяң жүндүү койлор­дун ички типтерин жакшыртуунун селекция­лык жолдору, Кыргызстандын бийик тоолуу шар­тында койдун жүн жана эт азыктуулугун көбөйтүү ж. б. боюнча 1995-2000-ж. Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы «Айкөл» кооператив чарбасында эт­май багытындагы койдун жаңы Айкөл тукумун чыгарган. 155тей илимий эмгектин, анын ичинде 3 окуу ки­тептин, 12 монография жана патенттин автору.

Эмг.: Айкөл тобундагы кой. Б., 2003; Кой чарба­сында өнөр жайлык аргындаштыруу. Б., 2005.