НАЗАРАЛИЕВ Жеңишбек Болсунбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЗАРАЛИЕВ Жеңишбек Болсунбекович [8. 5. 1961-жылы туулган, Чүй обл., Кемин р-ну, Чым-Коргон айылы] - психиатр, медицина илимдеринин доктору (1989), проф. (1990). КММИни бүтүргөн (1982).

1985-86-ж. Бишкектеги психиатриялык ооруканада врач ординатор, 1986-87-ж. КММИде кенже илимий,

1987- 88-ж. улук илимий кызматкер, 1987-91-ж. жеке дарыгер, 1991-ж. Наркология борбо­рун ачкан жана аны жетек­тейт. Ал баңгиликти, алко­голизмди дарылоонун жаңы технологиясын иштеп чы­гып, дарылоонун өзгөчө ме­тоддорун (өзү иштеп чыккан) колдонуу менен жо­горку натыйжага жетишкен. Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук федерациясынын анык мүчөсү. 1997-ж. анын сертификатын алган. Анын наркология боюнча изилдөөлөрү 20дан ашык өлкөдө конгресс, симпозиум, конференцияларда көр­сөтүлгөн. 80ке жакын илимий эмгеги, анын ичинде 12 патен­ти жана рационализатордук сунуштары бар.

Эмг.: Избавь и прости. М., 2001.