НАДИР ШАХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАДИР ШАХ Мухаммед (9. 4. 1883, Индия, Дехрадун ш. - 8. 11. 1933, Кабул) - Афганстан­дын королу (1929-33). Индиядагы аскер окуу жайын бүтүргөн. Фарсы, пушту, урду, англис, француз ж. б. тилдерди жакшы билген. 1901-ж. Афганстанга кайтып келип, афган ар­миясында кызмат өтөгөн. 1903-17-ж. капитан

Надир шахтын Лон­дон музейиндеги сү­рөтү.

наамында батальондун командири, Кабул гарнизонунун башчысы, башкы командачы, 1919-ж. үчүнчү Англия-Афган согуштарынын мезгилинде афган күчтөрүнүн командачысы, 1919-24-ж. аскер министри жана жогорку коман­дачы, 1924-27-ж. Афганстандын Франциядагы элчйси, 1929-ж. мекенине кайткан соң, Хаби­булла Бача-и Сакаонун көтөрүлүшүнө каршы күрөштү башкарган. Н. ш. королдук бийликти колуна алгандан кийин өлкөгө экономикалык жана социал­дык реформаларды жүргүзгөн. 1931-ж. жаңы конституция кабыл алып, мыйзам алдында бардык жарандар бирдей жана тең укукта деп жарыялаган. 1932-ж. Кабулга улуттук банк, медициналык мектеп, Кабул университетин ачкан. 1933-ж. Н. ш. эмир-реформатор Аман-Аллахтын талап­таштарынын колунан атылган.