НАБЕРЕЖНЫЕ ЧЕЛНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАБЕРЕЖНЫЕ ЧЕЛНЫ (1982 - 88-ж.. Б р е ж­н е в) - Россиядагы шаар (1930-жылдан). Та­тарстандын аймагында. Райондун администрациялык борбо­ру. Кама д ндагы пристань. 1626-ж. тургун жай катары негизделген. Калкы 512,0 миң (2010). Оор жүк ташуучу машиналар (КамАЗ), тамак­аш, жыгаччылык, жеңил ө. ж., курулуш мате­риалдар өндүрүшү картон кагаз комбинаты, ме­талл иштетүү ө. ж. иштейт. Төмөнкү Кама ГЭСи курулган. Политех. жанапед. институт, ЖОЖдордун филиалдары, куурчак театры, музей, сүрөт га­лереясы, мечит, чиркөө бар.