НААЛЫ ЭЖЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НААЛЫ ЭЖЕ — уламыштар боюнча Ак уулдун кызы, Адигине, Тагайдын эжеси. Н. э. Адиги­не, Тагайды тарбиялап өстүрүп, кийин Кашкар жактагы Опол тоодон келген Көкөгө турмушка чыгат. Андан Моңгол аттуу уулдуу (башка ва­рианттарда Моңгол жана Дор деген эки бала) болгон. Санжырачылар кыргыздын оң канат уруулар тобундагы моңолдор уруусунун тегин Н. э-ден таратышат.