МЮНЦЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЮНЦЕР Томас (1490, Штольберг, Рарц - 27. 6. 1525, Тюрингия, Мюльхаузенге жакын) - немис революционери, Реформациядагы элдик агымдын идеологу, Германиядагы дыйкандар согушунун (1524-26) көрүнүктүү жол башчысы. Ал Реформацияны феодалдарга, бардык тө­рөлөргө каршы көтөрүлүштүн башы деп түшүн­дүрүп, бийлик элге өткөндө гана эзүүсүз жана жеке менчиксиз коом өкүм сүрө турганын көрсөткөн. 1525-ж. Тюрингиянын Мюльхаузен ш-ндагы рев­ячыл бийликти башкарып, Тюрингия-Саксо­нияда дыйкандар согушунун бирдиктүү борбо­рун түзүүгө аракеттенген. Бирок М-дин отряды 1525-ж. 15-майда Франкенхаузен ш-нын жанын­дагы салгылашта князь аскерлеринен жеңил­ген; М. туткунга түшүп, өлтүрүлгөн. М-дин ди­ний философиялык окуусу католицизмге гана эмес, жал­пы эле христиан дининин бардык негизги дог­маттарына каршы багытталган,- М. социалдык­саясий программасында келечектеги түзүлүш бар­дык эзүүчүлөргө каршы эл массасынын революциячыл күрөшүнүн натыйжасында орнойт деп ыраста­ган. Бирок анын бул түшүнүгү турмуш чынды­гынан алыс турган.

<thead></thead><tbody></tbody>

Жазуунун түрү

Белгиси

Мезгили

Орхон-Енисей жазуусу

) гР «Г

У-Х-к.

Араб алфавити

о

ХУШк- 1927-ж.

Латын алфавити

N п

1927-41-ж.

Орус(кириллица) алфавити

Н н

1941-жылдан