МЮНХЕН МАКУЛДАШУУСУ (1938)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЮНХЕН МАКУЛДАШУУСУ (1938) - Чехос­ловакияны бөлүү жөнүндө 1938-ж. 29-сентябрда Мюнхенде жетишилген макулдашуу. Ага Анг­лиянын премьер-министри И. Чемберлен, Фран­циянын премьер-министри Э. Даладье, Герма­ния жана Италиянын фашисттик диктаторлору А. Гитлер жана Б. Муссолини кол койгон. Аны АКШ толук колдоп, Чехословакиянын буржуазиялык өкмөтү да кабыл алган. М. м. боюнча Англия жана Франция өкмөттөрү Чехословакиянын Судет обл-нун 1938-жылдын 1-октябрынан 10-октяб­рына чейин Германияга кошулганына макул бо­лушуп, Германиянын Чехословакияны толук басып алышына, андан соң 2-дүйнөлүк согушту баштоосуна мүмкүнчүлүк берген. Улуу держава­лардан СССР гана М. м-на каршы чыгып, Че­хословакиянын көз карандысыздыгын жана улут­тук укугун жактаган. Совет өкмөтү агрессияга сокку уруу максатында (1935-жылдагы совет­чехословак пактысына ылайык) аскер жагынан да жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Би­рок Чехословакия өкмөтү буржуазиянын кы­зыкчылыгын көздөп, СССРге жардам сурап кай­рылбай, баскынчыларга баш ийип берген. 30- сентябрда Чехословакия өкмөтү мамлекеттик улуттук чогулуштун макулдугусуз эле мюнхендик дик­татты кабыл алган. М. м. аркылуу Улуу Бри­тания жана Франция фашисттик Германия менен макулдашып, фашисттик агрессияны Батыш­тан алыстатып, Чыгышты көздөй, алгач СССРге каршы багыттоого аракеттенишкен. Кийин «Мюнхен» деген сөз агрессияга дем берүүчү тыш­кы саясат багытын туюндурган ылакап сөзгө айланган. Чехословакия жана Германия кели­шими (1973, декабрь) боюнча М. м. жокко чыга­рылган.