МЭЭ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЭЭ - адам_м-н жаныбардын нерв системасы­нын борбордук бөлүгү. Борбордук нерв системасы бар омурткасыз жаныбарларда организмдеги негиз­ги функцияларды, жүрүм-турум реакцияларын ганглийлер башкарат. Хордалууларда нерв клеткаларынын чогундусу ланцетниктердин баш жагында пайда болгон. Оймок ооздуулар­да М-нин алдынкы, ортонку жана арткы бөлүк­төрү болот. Балыктарда жана кургакта жашоочу омурткалуулардыкы да ушундай түзүлүштө. Ал эми жерде-сууда жашоочулар менен сойлоочулар­да М-нин ортонку жана алдынкы бөлүгү өзгөргөн. Сойлоочуларда аралык М. жана эки жарым шар жакшы, ал эми куштарда кара куш М. кыйла өөрчүгөн. Сүт эмүүчүлөрдүн алдынкы М-си диф­ференцияланган жана М-нин чоң жарым шарла­рынын кыртышы жакшы өөрчүгөн. Ал баш сөөк көңдөйүндө жайгашкан. Адамдын М-си болжол менен 1,2-1,4 кг гачейин жетет. Ал жогорку нерв ишин, адамдын психикалык жана тиричилик функцияларын жөнгө салат, айлана-чөйрөдөн жана ички органдардан кабыл алынган козголуу­ларды тынымсыз кайрадан иштеп чыгып, алар­ды анализдейт жана синтездейт. Ар бир орган менен системанын ишин башкарып, тартипке са­лат. М. бири-бири менен тыгыз байланышкан бөлүктөрдөн - чоң жарым шарлардан, каракуш мээ жана мээ сүмбөсүнөн (аралык, ортонку, сүйрү М.) турат. Аралык, ортонку жана сүйрү М-де түрдүү милдетти аткаруучу көп сандаган нерв клетка­лары - борборлор жайгашкан. Сүйрү мээнин капталы нерв жипчелеринен туруп, калың бо­лот. Анда дем алуу, кан айлануу, жутуу, кусуу борборлору бар. Ортонку М-нин калың капта­лында кээ бир рефлекстик борборлор - көрүү жана угуу, ошондой эле булчуңдарды чыңоо борборлору орун алган. М-нин сүмбөсүндө жайгашкан көп борборлордун ичинен тор сымал түзүлүштүн мааниси чоң. Ал өтө чоң жана кичине борбор­лордон туруп, бири-бири менен нерв жипчелери аркылуу байланышкан. Ал нерв жипчелери борбордук нерв системасынын бардык бөлүктөрүн бай­ланыштырып турат. Аралык М. эки чоң жа­рым шардын астында жайгашып, М-нин сүмбө­сүн чоң жарым шарлар менен туташтырат. М-нин бул бөлүгүндө 40тан ашык түрдүү борборлор бар. Көрүү дөңчөсүнүн алдындагы нерв клеткалары­нын чогулган жери гипоталамус деп аталат. Анда дене температурасын, зат алмашууну, кан басымын жана уйкуну жөнгө салуучу бор­борлор жайгашкан. Түзүлүшү жана физиол. кыз­маты боюнча ал гипофиз менен байланыштуу. Мээ сүмбөсүн үстүнөн жана арт жагынан каракуш мээ басып турат. Адамдын алдынкы М-си эки (оң жана сол) чоң жарым шардан туруп, ал ак жана боз заттан түзүлөт. Нерв талчаларынан тур­ган ак зат мээ кыртышынын астында жайгаш­кан. Ал эми нерв клеткаларынан түзүлгөн боз зат жарым шардын үстүндө жайгашып, мээ кыр­тышын түзөт. М. кыртышынын калыңдыгы 2- 5 мм болуп, анда болжол менен 14 млрддан ашык нейрон бар. Бул эки жарым шарды узунунан кеткен терең жарака бөлүп турат. Эки жарым шар бири-бири менен нерв жипчелеринен турган бириктиргич чор денече аркылуу бириккен. Жарым шарды каптаган мээ кыртышы көп сан­даган буткулдарга (жылгаларга) бөлүнөт. Бул жылгалар М. кыртышынын бетин чоңойтот. Алар түрдүү тереңдикте болот. Эң терең жылга­лар ар бир жарым шарды маңдай, эмгек, арткы жана аралча бөлүктөрүнө бөлүп турат. М. кыр­тышында өтө көп борборлор орун алган. Алар функциялык өзгөчөлүгү, аткарган милдеттери­не жараша мээ кыртышынын белгилүү бөлүктө­рүндө жайгашат. Ар бир жарым шардын тере­ңинде (кыртыш алдында) топтошкон нерв бор­борлору жайгашкан. Жарым шарлар менен нерв борборлорунун арасында ак заттан турган нерв жипчелери бар. Алар бор. нерв системасына сырттан жана ичтен келген кабарларды жетки­рип турат. Мээнин бардык бөлүктөрүнүн ичин­де алардын карынчасы деп аталган көңдөйчөлөр болот. Бул карынчалар кан тамырлар бөлүп чыгарган мээ-жүлүн суюктугу менен толгон. М.

Мээ: 1 - мээ жарым шарынын алдынкы бөлүмү; 2 - мээ жа­рым шарынын сырт­кы катмары; 3 - лим­ба системасы; 4 - та­ламус; 5 - гипотола­мус; 6 - мээнин төрт урчугу; 7 - каракуш мээ; 8 - жүлүн.

менен жүлүн сыртынан туташтырма ткандуу ка­бык менен капталган. Ал кабык үч катмардан (катуу, желе сымал жана кан тамырлуу) турат. Кан тамырлуу кабык мээге тыгыз жайгашып, кан менен камсыз кылат жана мээ суюктугун иш­теп чыгарат. М-нин катуу кабыгы мээни бөлүк­төргө бөлүп, куту сымал каптап, аны сырткы күчтөн, урунуудан сактайт. М. кабыктарынын беттешкен жерлеринде мээ суюктугу менен толгон боштуктар болот. М-нин кызматын изилдөөдө И. М. Сеченов, И. П. Павлов, В. М. Бехтерев ж. б. окумуштулардын салымы чоң. Ошондой эле к. Борбордук нерв системасы.

Ад.: Симонов П. В. Мозг. М., 1982; Шеперд Т. Нейробиология. М., 1987.