МЭН АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЭН АРАЛЫ — Ирланд деңизиндеги анча чоң эмес арал. Аянты 572 км2. Калкы 74,6 миң (2006). Расмий тилдери - англис жана гэль тил­дери. Борбору - Дуглас. Аралдын жашоочула­ры беш королдуктун борборунда жашайбыз деп келишет. Анткени ачык күндө бийик дөңсөөгө чыгып караган адамга түштүгүнөн Уэльс, чы­гышынан Англия, түндүгүнөн Шотландия, ба­тышынан Ирландия көрүнөт.

Биздин заманга чейинки 800-ж. аралга викингдер келе башта­ган. 1266-ж. чейин Норвегияга көз каранды бо­луп келген. Ошол мезгилден Скандинавия мам­лекеттер системасына кирген. Ушул күнгө че­йин ал өзгөрүлгөн жок. 1341-жылдан Англия­нын көзөмөлүнө өткөн. Аралды 1405-ж. англ. король Генри IV Стэнлинин үй-.бүлөсүнө белек

кылган. Кийинчерээк 1765-ж. Британия өкмөтү 70 миң фунтка сатып алган. Британия Шерик­тештигине көз каранды эмес мүчө.

Климаты Гольфстрим жылуу агымынын таа­сиринен жумшак, нымдуу келип, шамал болуп турат. Эң суук айы февралда абанын температурасы 4°С, июль-августта 17°С, эң жогоркусу 28,9°С.

Арал - Улуу Британиянын өз алдынча баш­каруу укугуна ээ аймагы. Аралдын парламен­ти - Тинвальд (миң жылдан ашык тарыхы бар дүйнөдөгү эң байыркы парламент); эки палата­дан (мыйзамдар кеңеши жана төмөнкү) турат. Аралдын башчысы Улуу Британия королевасы, ал Мэн а-нын лорду деген титулга ээ. Негизи­нен аралды королева дайындаган генерал-губер­натор (5 жыл) башкарат. Аралдын сырткы жана коргонуу саясатын Улуу Британия жөнгө салат. Арал Европа шериктештигине ассоциация­ланган мүчө. Экономикасынын негизин туризм жана финансы сектору (оффшордук аймак) түзөт.

Ад.: Остров Мэн//Всё о странах мира: Атлас-спра­вочник. М., 2006. Р. Карачалова.