МҮСҮРАЛИЕВ Макенжан Субанович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МҮСҮРАЛИЕВ Макенжан Субанович (1954-жылы туулган, Талас обл., Талас р-ну, Талды-Булак айылы)- медицина илимдеринин доктору (1994), проф. (1995). КММИни (1977), ошол эле жерде клиникалык ординатураны (1979) жана аспирантураны (1982) бүтүргөн. КММИде ассистент, доцент, улук илимий кызматкер (1982-92), кафедра башчысы (1992- 2004), КММАнын дипломдон кийинки окутуу борборунун директору (2004-09) болуп иште­генетикалык 2009-жыл-дан кайрадан кафедра башчысы. Акушерлик жана перинатология, гинекология, бийик тоо медицинасы боюнча адис. Филиппин, АКШ, Венгрия, Германияда клиникалык оку­туу курстарына катышкан. 210дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 7 монография, 23 окуу методика­лык куралы бар.

Эмг.: Беременность и горы (проблемы адаптации в норме и патологии). Б., 1995; Программы охраны репродуктивного здоровья в Кыргызской Республике (в соавторстве). Б., 1995; Прогнозирование и пути профилактики перинатальных потерь в Кыргызской Республике (в соавторстве). Б., 2001.