МУШКЕТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУШКЕТОВ Иван Васильевич

[9(21). 1. 1850, Волгоград

обл., Алексеев бекети -

10(23). 1. 1902, Петербург] -

орустун геологу жана географы.

Петербург тор-кен

ин­тун бүткөн (1872). Геол.

комитетте улук геолог (1882),

адъюнкт-проф. (1877). Петербург

тоо-кен институтунда кафедра

башчысы (1877), Жол

катнаш институтунда окутуучу (1882) болгон. М. - Теңир-Тоону изилдеген туңгуч геолог. 1874- 75-ж. Теңир-Тоо жана Сыр-Дарыянын өрөөнү боюнча алгачкы саякатында Түндүк Кыргызстанды басып өтүп, Кулжага чейин барган; бул аймактан бир топ кен ачкан. 1877-80-ж. О. Азияны изилдөөнү улантып, анын натыйжасында эки томдук «Түркстан» аттуу чоң эмгек жазган (12-т., 1886- 1906). Анда О. Азиянын геол. жана орогр. мүнөз­дөмөсүн берип, анын геол. түзүлүш схемасын сунуш кылган. Теңир-Тоо менен Памир-Алай тоо­лору кеңдик багыттагы жаа сымал бүктөлүү түзүлүштөрүнөн турарын аныктаган. 1881-ж. Г. Д. Романовский менен бирге Түркстандын ал­гачкы геол. картасын түзгөн. М-дун бул эмгекте­ри 0. Азиянын геол. татаал өзгөчөлүгүн түшүн­дүрүүдө алгачкы илимий негиз болгон. Антарктида, Сибирь, Орто жана Борбордук Азиядагы 10 географиялык. объект (Мушкетов тоосу, Мушкетов мөңгусу ж. б.), ми­нерал (мушкетовит) анын ысмынан аталган.

Эмг.: Туркестан. СПб., 1886, 1906. Т. 1-2. Каталог землятрясений Российской империи. СПб., 1893 (совм. с А. Орловым); Собр. соч.: В 2-х т. СПб., 1910-12.