МУХУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУХУ, М о о н — Балтика деңизинде жайгаш­кан Моонзунд архипелагындагы арал. Эстонияга карайт. Материктен Муху, Сааремаа а-нан Вяй­намери кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аянты 204 км2. Силурдун акиташ теги жана доломит тоо­тектеринен түзүлгөн. Жеринин бети түзөң; де­ңиз деңг. бийикт. 24 лгге чейин. Сааремаа а. менен дамба (уз. 4 км) аркылуу байланышат. Чыгыш жээгинде жайгашкан Куйвасту пристаны мате­рик менен паром аркылуу байланышат.