МУЛЬТИПОЛЬ
МУЛЬТИПОЛЬ (латынча multum - көп жана грекче polos - уюл) электрдик - белгилүү симметрияга ээ болгон электр заряддарынын (уюлдар) системасы. Татаалдыгына жараша М-дун нөл тартиби бир заряд, 1-тартиптегиси - диполь, 2 - квадруполь, 3 - октуполь ж. б. деп аталат. М-дун негизги мүнөздөөчүсү - М-дук момент жана ал сырткы талаалар менен болгон энергиялык байланышын, талаанын бурчтук көз карандылыгын, негизги-чондуктарын аныктайт.