МУХАММЕД (пайгамбар)
МУХАММЕД, Мукамбет, МухаммедАхмад бен Абдаллах (570-ж. чамасында, Меке - 8. 6. 632, Медина) - араб диний үгүтчүсү жана саясий
ишмери; ислам динин жана алгачкы мусулмандар жамыятын негиздөөчү. Мусулмандардын түшүнүгүндө Кудайдын жердеги элчиси, пайгамбарлардын эң акыркысы. Алгачкы расмий өмүр баянын 8-к-да араб тарыхчысы Ибн Исхак жазган. М. Меке ш-нда саясий жана экономикалык таасири чоң курайш уруусунун Хашим тукумунан чыккан. Атасы Абдаллах бен ал-Мутталиб 570-ж. жол кырсыгынан каза тапкан. Энеси Амина уулу 6 жашка чыкканда көз жумат. Ата-энесинен ажыраган М-ди чоң атасы Абд ал-Мутталиб өз колуна алат. Эки жылдан кийин чоң атасы набыт болот. 8 жашар М. атасы менен туушкан агасынын колунда калат. Ушул мезгилден баштап. М. коомдо жетим болуу, жакыр жашоо деген эмне экенин өз башынан кечирген. 25 курагында 40тан өткөн мекелик бай соодагер жесир аял - Хадичага үйлөнөт. Жубайлар курактарындагы айырмаларга карабастан, бактылуу жашап өтүшкөн. М. Хадичага үйлөнгөндөн кийин көбүнчө диний-этикалык маселелер менен алектенген. Ал көп түндөрү Мекени курчап турган Хира тоосунун бир үңкүрүндө түнөп жүргөн. Уламыш боюнча мына ошондой түндөрдүн биринде ага Жебрейил периште кайып кабар - Алланын Аянын алып келип, колуна Алланын ыйык Куранын тапшырат жана мойнуна Алла тааланын айткандарын элге-журтка кабарлоо милдетин жүктөгөн делет. Ошондон анын Кудай жолундагы касиети - Пайгамбардык ыйык иши башталат. М-дин диний жөндөмү аркылуу гана мекендештери эски динден (бутпарастык ишенимден) баш тартып, жаңы ислам динине кирген (к. Ислам). Ислам дининин кириши менен ар кайсы уруудагы элдердин ажыга келип, Кааба алдында зыярат кылышы зор мааниге ээ болгон. Алар бири бири менен жакындан таанышып, пикир алышкан. Аң-сезимин байытып, көз карашын кеңейтип, улуттук биримдигин бекемдеген. Арабдардын жашоосундагы өз ара пикир келишпестиктер, чыр-чатактар, жаңжалдар, кандуу кагылыштар ажыга барганда Каабага зыярат, таат-ибадат кылганда, топто, жыйында, дуванда чечилген жана улуу ынтымакка чакырылган. Анын жолун жолдоочулар (Абубакир, Омор, күйөө балдары Осмон, Аалы) ислам динин бүткүл Арабстанга таратып, М. жарык дүйнөдөн өткөндөн кийин халиф болуп калышкан.
Ад.: Болыиаков О. Г. История халифата. СПб., 2006; Аль-Мубаракфури С. Жизнь Пророка. М., 2009; Ефремова Н. В., Ибрагим Т. К. Жизнь пророка Мухаммада. М., 2009. [Т. 1-2].