МУРУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУРУН - адам жана омурткалуу жаныбардын дем алуу жолунун башталышы жана жыт сезүү органы. Бет сөөгүнүн ортосунан орун алган. М. ички (мурун көңдөйүнөн) жана сырткы бөлүктөн турат. Адамдын М. көңдөйүнүн алды жагы ооз көңцөйү менен чектелген. М. көңдөйү ичинен был­жыр чел менен капталып, сөөк жана кемирчек тос­мо аркылуу оң жана сол бөлүккө бөлүнөт. М. көңдөйүнүн капталын астынан таңдай сөөгү, үстүнөн калбыр сымал сөөк түзөт. Анда 15-20 майда тешик бар. Ал тешиктер аркылуу жогор­ку мурун жолу жана кеңилжээрдин былжыр че­линен мээни карай жыт өткөрүүчү нерв талча­лары өтөт. М. көңдөйүнүн эки капталын үстүнкү эки жаактын мурун көңдөйү жак бетттери түзөт. Бул эки капталда М. көңдөйүн карай дөмпөйүп чыгып турган үч кеңилжээр болот. Алардын ор­тосунда узунунан кеткен үч М. жолчолору бар. М. кеңилжээрлери менен тосмосунун ортосунда М. көндөйүнүн жалпы жолу жатат. М.

кобулда­рынан жана көз чанагынан М. жолчолоруна бел­гилүү сандагы түтүктөр ачылат. Ал түтүктөн көздү нымдап, тазалап туруучу көз жашы М-га агып кирет. М. көңдөйүн, анын ичиндеги ке­ңилжээр менен жолчолорду жаап турган былжыр челди түктүү эпителий каптап турат. Бул түктүү эпителийлер ар дайым М-дун таноосун карай толкун сымал жапырылып, М-га дем алган аба менен кирген майда кыпындарды, чандарды, мик­робдорду сыртка шилеп чыгарып турат. Дем алганда М. көңдөйүнө кирген аба былжыр чел­деги майда кан тамырлардын жардамы менен жы­лып, нымдалат. Бул дем алуу органдарын муз­дак абанын терс таасиринен сактайт. М. оору­ларын отоларингология изилдейт.