МУКАБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУКАБА — китептин тышы. Картон, булгаа­ры, кездеме, кагаз, ледерин, коленкор, полимер ж. б. материалдан жасалып, бышык жана бекем болот. Китептин тигилген басма табактары - китеп блогу М-га бириктирилип желимделет. Китептин тышкы көрүнүшүнө, китеп блогун бекитүү жана аны тышына бириктирүү ыкмасы­на жараша М. туташ жана курама, катуу жана жумшак болуп бөлүнөт. Туташ М. бутүндөй бир түрдөгү материалдан жасалат, курама М. түбү менен корешогу бир түрдүү материалдан, картон­дун бети башка материалдан даярдалат. Китеп­тин көлөмүнө ылайык М-нын көп (№ 1ден № 9га чейинки) түрү бар. М-лар китеп тыш даярдоочу машиналарда жасалат. Китеп продукциясын массалык түрдө даярдоодо М-нын № 4, 5, 7 түрлөрү көп колдонулат.