МУЗОО БАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЗОО БАШ (ЗоШиеае)— муунак буттуулар тибинин жөргөмүш сымалдар классындагы түркүм. Дене уз. 7 смте жетет. Узун түкчөлөр менен капталган бозомук сары денеси баш көкүрөк жана он муунактуу курсак — опистомдон турат. Баш көкүрөгүндө көздөрү, түрдүү кызмат аткар­ган 6 жуп буту бар. М. б. айрым жыныстуу, жумуртка тууп көбөйөт, метоморфозсуз өөрчүйт. Алардын 10 тукуму, бООдөй түрү кездешет. Жер шарынын Австралиядан башка өлкөлөрүнүн тро­пик, субтропиктеринде жана мелүүн алкактарын­да учурайт. КМШнын Европа бөлүгүндө, Казак­станда, Борбордук Азияда 70тен ашуун түрү тара­ган. Көбүнчө чөл, кургак талаа жана тоодо жа­шайт. Жырткыч, түрдүү омурткасыздар менен азыктанат, уусуз, көбү азыгын түнкүсүн издейт.