МОТОЦИКЛ
МОТОЦЙКЛ (мото... жана грекче кук1оз - дөңгөлөк) - жумуш аткаруучу көлөмү 49,8 см3дан ашык болгон ичинен күймө кыймылдаткыч менен жабдылган эки же үч дөңгөлөктүү транспорттук каражат (адатта карбюратордуу, эки же төрт тактылуу, кубаттуулугу 75 кВтка чейин). Ылдамдыгы 215 км/ска жетет. 100 кмге 5,8 л май чыгымдайт. Арналышына жараша транспорттук, спорттук жана атайын болуп бөлүнөт. Транспорттук М-дер өлчөмү жана массасы кичине, манёвр жасоого ылайыктуу, тейлөө оңой болот. Спорттук М. менен чоң ылдамдыкта жана өтө татаал жолдордо жүрөт. Атайын М-дерге патрулдук, эскорттук, соода ж. б. М-дер кирет. 0. эле көлөмү жана констр-сы боюнча да айырмаланат, мисалы, мопеддер, мокики (кичине өлчөмдүү кыймылдаткычтуу), мотороллер. М-дердин классикалык, круизер, турер, кросс үчүн, эндуро, чоппер ж. б. түрлөрү бар.