МОТЕЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОТЕЛЬ (англ. шо1ог - автомобиль жана 1ю1е1 - мейманкана) - автотуристтер үчүн техникалык тейлөө, май куюу жайы, гараж, автомобиль токтоочу жайы бар мейманкана; эшиги көчө тарапка ка­раган (автомобиль токтоочу жайга каратылат) чакан мейманкана. М-дер негизинен 1 же 2 ка­баттуу, айрым учурда түрдүү тейлөөнү камтыйт (ресторан, автомобиль аянтчасы, техникалык тейлөө, май куюу станциялары ж. б.) комплекстерди түзөт. М-дер чоң шаарлар менен курортторго жа­кын, автомобиль жолдорунун боюнда жайга­шат. Тейлөө кызматтынын наркы минималдуу, арзан.