МОРАВИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРАВИЯ - Чехиядагы тарыхый аймак. М-да­гы биринчи турак жайлар алгаңкы палеолитке

таандык. Биздин заманга чейинки 400-жылдар ченде кельттер, биздин замандын башында германдардын маркоман жана квад уруулары жашаган. Биринчи миң жылдык ара­лыгында ал жерге славяндар (моравандар ж. б.) келип отурукташкан. 623-658-ж. М. славяндар­дын Само княздыгынын, 9-10-к-дын башында Улуу Моравия княздыгынын курамына кирген, 1029-жылдан чехтин Пржемысловичилер ээли­гинин бир бөлүгү болгон. М. - 1063-ж. Оломоуц епископтугу, 1182-жылдан Ыйык Рим империя­сына караган маркграфтык. М. калкы гусчулар кыймылына (1419-37) активдүү катышкан. 1526-ж. Чехия менен бирге Габсбургдар бийлиги­не караган. 1618-20-ж. Чехиядагы габсбургдар­га каршы көтөрүлүш жеңилгенден кийин, М-да немис феодалдарынын тарабынан улуттук бас­мырлоо күч алып, катуу католиктик реакция жүрүп, М. иш жүзүндө Габсбург монархиясы­нын провинциясына айланган. 1782-ж. австрия­лык Силезия менен бирге борбору Брно ш. болгон бир администрациялык бирдикке бириктирилип, 1849-ж. мо­нархтын өзгөчө жерине айланган. Чехослова­кия Респ. түзүлгөндөн (1918) М. анын курамын­да. 1938-ж. фашисттик Германия М-нын кый­ла бөлүгүн, 1939-ж. толук басып алып, «Боге­мия менен Моравия протектораты» деп аталган протекторатка кошкон. Немистик-фашисттик баскынчылардан Советтик Армия тарабынан 1945-ж. апрель-май айында бошотулгандан кийин М. Чехословакиянын курамына кирген.

МОРГАН Томас Хант (25. 9. 1866, Кентукки, Лексингтон - 4. 12. 1945, Калифорния, Пасаде­на) - америкалык биолог, генетиканы түзүүчүлөрдүн бири, АКШ Улуттук ИАнын президенти (1927- 31), СССР ИАнын ардактуу мүчөсү (1932). Кен­тукки (1885)_ж-а Ж. Хопкинс (1891) университеттерин аяктаган. Брин-Мор кыз-келиндер коллежинде (1891-1904), Нью-Йорктогу Колумбия университетинде (1904-28) проф. Пасадендеги Калифорния техникалык институтунун биология лабор-сын жетектеген (1928- 45). М-дын эмгектери негизинен эксперимент­тик эмбриологияга, регенерацияга жана жаны­барлардын жынысын аныктоого арналган. М. жана анын кесиптештери ачкан гендин чиркели­ши жана кроссинговердин закон ченемдүүлүгү Мендель законунун цитол. механизмин түшүн­дүрүп, табигый тандоонун генетикалык теория­сын түзүүгө алып келген. Нобел сыйл. лауреа­ты (1933).