МОНТСЕРРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНТСЕРРАТ - Улуу Британия ээлиги. Кичи Антил аралдары архипелагынын курамындагы Монтсеррат а-нда жайгашкан. Пуэрто-Рикодон түштүк-чыгыш тарапта. Аянты 102 км2. Калкы 4,9 миң (2011). Расмий тили - англис тили. Администрациялык борбору - Плимут (калкы 3500).

X. Колумб тарабынан 1493-ж. ачылган. 1632-ж. сүргүнгө келген католиктер тарабынан алгачкы англ. тургун жай негизделген. 17-18- к-да Англия менен Франция аралга ээ болуу үчүн күрөптүп келген. 1871-1958-ж. М. Ылымта арал­дар ээлигинин, 1958-62-ж. Вест-Индия федера­циясынын курамына кирген. Ал Чыгыш-Ка­риб мамлекеттер уюмунун жана Региондук кооп­суздук системасынын мүчөсү.

Климаты субэкватордук деңиздик. Абанын температурасы океандын жээктеринде 24°Сден 35°Сге чейин, тоолордо 18-27°С. Жылдык жаан-чачы­ны 800-3000 мм (майдан ноябрга чейин нөшөр­лөгөн жамгыр жаайт). Жайдын аягынан, күздүн башталышына чейин тропик урагандары бо­луп турат. 1995-ж. Хилл жанартоосу атылып, аралдын аймагынын 2/3си ээн калган. Калкы­нын негизин африкалыктар түзөт. Төрөлүү 1000 кишиге - 14,3 киши, өлүм-житим - 9,9. М-ны 1960-ж. кабыл алынган конституция боюнча Улуу Британия королевасы дайындаган губернатор башкарат, ошондой эле ал Аткаруу кеңешинин башчы­сы да болуп эсептелет. М. байыртадан эле Вест-Индиядагы «Жакут аралы» деген аталыш менен белгилүү. М-нын өкмөтү туристтердин көп келишине каршы, ошондуктан аралдын көптө­гөн жери адамдын буту тийбеген бойдон калып келүүдө. Эс алуунун өнүккөн түрү - жөө жүрүү туризми. Аралдагы токойлорду жөө аралап ба­суу кеңири таралып, ал туризмдин негизин түзөт.

Ад.: Монтсеррат//Всё о странах мира, атлас-спра­вочник. М., 2006. Р. Карачалова.