МОНРО ДОКТРИНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНРО ДОКТРИНАСЫ - АКШ өкмөтүнүн тыш­кы саясатынын программасы. АКШ президен­ти Ж. Монронун 1823-ж. 2-декабрда конгресске жиберген кайрылуусунда жарыяланган. М. д-н АКШнын мамлекеттик секретары Ж. К. Адамс иштеп чыккан. М. д. европалык державалардын Америка континентиндеги өлкөлөрдүн иштерине кийли­гишүүсүнө каршы багытталып, Латын Амери­касы АКШнын кол алдында туруусун жакта­ган. Ошондой эле АКШнын күч-кубатынын өсүшү жаны аймактардын кошулушуна байланыштуу болот деген жобо көрсөтүлгөн. 19-к-да жана андан ки­йинки кезде М. д-н АКШ өзүнүн башка өлкө­лөргө жасаган баскынчылыгын жана интервен­циясын актоо үчүн пайдаланган. Мексикага кар­шы согушта (1846-48) АКШ Мексиканын жа­рым аймагын тартып алып, 20-к-дын башында АКШ Куба, Мексика, Гаити, Доминикан Респ., Никарагуа, Панама ж. б. мамлекеттерге интер­венция жасаган.