МОНОКУЛЬТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНОКУЛЬТУРА (моно... жана латынча cultura - өстүрүү, өнүктүрүү) дыйканчылыкта- 1) чарбада дайыма өстүрүлүүчү өсүмдүктүн жал­гыз түрү; 2) өсүмдүктүн бир эле түрүн көп жыл­дар бою бир эле жерде үзгүлтүксүз өстүрүү. Мын­да башка өсүмдүк менен которуштуруп эгүү (ке­зектештирүү) сакталбайт. М. топурактын физикалык жана химиялык касиеттерин, сапатын начарлатып, ошол өсүмдүктүн зыянкечтери менен илдеттерин, отоо чөптөрүн көбөйтөт, топурактагы пайдалуу микроорганизмдердин таасирин азайтып, зыян­дуулары өөрчүйт, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмүн төмөндөтөт. Айрыкча отолмо өсүмдүктөрдү эк­кенде (күн карама, жүгөрү ж. б.) топурак тез арыктайт. М. шартында пахтанын түшүмү 2-3 эсе төмөндөйт, зыянкечтер (желеме кене, күздүк­чү үкүчө ж. б.) тез көбөйөт, ак балек ж. б. ил­детке чалдыгат. Дан эгиндерин кара сойлок, күрүчтү күрмөк басат. Мындай жерлерге жер се­мирткич чачуу бул процесстерди азайтат, бирок мыкты натыйжа бербейт. Азыркы дыйканчы­лык шартында табигый-климаттык шартка жа­раша а. ч. өсүмдүктөрү ургаалдуу которулушту­руп эгилгендиктен, М. колдонулбайт.

Ад.: Земледелие/Под редакциялык С. А. Воробьева, 2-е изд. М., 1972. К. Т. Шалпыков.

монолог, монолог сөз (моно... жана грекче logos - кеп) - көркөм чыгармада каармандар­дын окурманга же көрүүчүлөргө карата жекече айткан сөзү; эки кишинин өз ара сүйлөшүүсүнөн (диалогдон) айырмаланып, угуучунун (же баш­ка адамдын) сөзү менен мазмундук жана структура­лык жактан байланышпаган оозеки же жазма сөздүн өзгөчө формасы. Д р а м а д а каарман­дын башка кейипкерлердин сөзү менен байланыш­паган өзүнө өзү же көрүүчүлөргө кайрылып сүйлөгөн сөзү. Баяндама жанрларда окуянын өнүгүшү жана чиелениши демейде М-дук формада түзүлөт. Мисалы, прозада­биринчи жактан баяндоо. Лирикада каармандын жан сы­рын төгүүсү, жан дүйнөсүндөгү жаркыган же жа­быркаган сезимдерин айтуусу монолог-исповедь деп аталат. Мазмундук жана стилдик түзүлүшүнө жараша ички жана сырткы М., драмалуу М., ли­рикалуу М., баяндама М. деп бир канчага бөлүнөт. М. каарман тарабынан үн чыгарылбай ичтен айтылса, ички М., үн чыгарылып айтыл­са, сырткы М. деп аталат. М. аркылуу каар­мандардын мурунку жана кийинки тагдыры, алардын бул же тигил көрүнүшкө карата мами­леси, инсандык сапаттары ачып берилет.