МОНИТОРИНГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНИТОРИНГ (англ. топ11ог1п£ — байкоо, баа­лоо, контроль) - тигил же бул процесстин же объектинин өзгөрүүлөрүнө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнүн атайын формасы. Ар кандай М-дин түпкү максаты чечим кабыл алууда белгисиз­диктин, кооптуулуктун деңгээлин азайтуу мак­сатында жүрүп жаткан кубулуштар менен окуя­лардын болочоктогу абалын болжолдоо болуп саналат. М. байкалуучу окуялар менен кубулуш­тардын түрүнө (экономикалык, социалдык, саясий-де­могр., экол. ж. б.), масштабына жана камтылы­шына (үзгүлтүксүз жана дискреттик, жалпы жана тандап), чагылдыруу тактыгына (анык, жети­шерлик эмес анык, анык эмес), жүргүзүүнүн мүнөзүнө (бир жолку, мезгилдүү, системалуу), байкоо жүргүзүү ыкмаларына жана маалымат алуу булагына (анкеталык, коомдук пикирди сурамжылоо, тандап байкоо, прибор менен эсепке алуу, каттоо жана инвентарлаштыруу, рейтинг, отчёттуулук), натыйжаны өлчөө-ченөө система­сына жана берүү формасына (сандык өлчөнүүчү жана сандык түрдө өлчөнбөөчү көрсөткүчтөр) ка­рата ажырымдалат. 1)М. билим берүү­д ө - билим берүү системасын башкаруу, аба­лын баалоо, өнүгүү багытын аныктоо үчүн за­рыл болгон тутум же анын айрым бөлүктөрү (элементтери) тууралуу маалыматтарды чогул­туу, иштетүү, сактоо жана жайылтуу. Билим берүү кызматынын сапатын эксперттик баалоо боюнча М. кабыл алынган стандартка, үлгүгө, ченем­дерге негизделет; 2)экологияда айлана­чөйрөнү (атм-ны, гидросфераны, топурак­өсүмдүктөрдү, ошондой эле техногендик системаларды) көзөмөлдөө, прогноздоо жана коргоо максатын­да анын абалына байкоо жүргүзүү. Ал аалам­дык, аймактык жана локалдык деңгээлдерге бөлүнөт. М. системасында атм-нын, жаан-чачын­дын, суунун (жер астындагысынын да), топу­рактын химиялык курамына жана булгануу концент­сына, анын таралуу жолдоруна көзөмөл кылуу өтө маанилүү. М. негизинен сейсмикалык кубу­луштарга, сууга, минералдык ресурстарга, жа­ныбарлар менен өсүмдүктөрдүн санына жана түрдүк курамына ж. б-га жүргүзүлөт. М. кызматына изилдөөнүн физикалык, химиялык жана биол. жолдору, ошондой эле авиациялык жана космостук техникалар пайдаланы­латынча М. космостук аппараттардан, ошондой эле кургак­тыктагы жана океан-деңиздердеги станциялардан алынган телесүрөттөлүштөрдүн, фотогр., көп спектрлүү сүрөттөрдүн жардамы менен байкоо жүргүзүлөт. Космостук М. айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдүн мүнөзүн жана очокторун тез ара­нын ичинде аныктоого, экол. өзгөрүүлөрдүн ур­гаалдуулугуна жана амплитудасына байкоо жүр­гүзүүгө шарт түзөт, техногендик системалардын бири-бирине тийгизген таасирлерин изилдейт. М. кызматы көп өлкөлөрдө уюшулган; 1988-ж. Табиятты коргоо мониторингинин Бүткүл дүй­нөлүк борбору уюшулган; 3) экономика­д а - экономикалык чечим кабыл алууда белгисиздик­тин, кооптуулуктун деңгээлин төмөндөтүү мак­сатында экономикалык процесстер кубулуштардын келе­чектеги абалын алдын ала билүү (болжолдоо) үчүн алардын учурдагы абалына, байкоо салуу, экономикалык чечимдерди кабыл алуу. М-дин төмөнкүдөй түрлөрү бар: рынок конъюнктурасынын (мисалы, акциялар менен валюталардын курсу, керектөө баалары, инфляция, банк проценти ж. б.); атаандаштыкка туруштук бере алуусунун; иш­кердиктеги ишенимдүүлүктүн; ишмердиктин ар кыл тармактарындагы ар түрдүү бизнес чөйрөлө­рүнүн инвесторлор үчүн кызыктуулугунун; дүй­нөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү (региондор) экономикалык өнүгүү деңгээлинин жана жашоо-турмуш стандар­тынын М-и. М. кризистик кубулуштардын баро­метри катары жана кризиске каршы көрүлүүчү чаралар жөнүндө алгачкы материалдар 20-к-дын башында Гарвард университетинде У. М. Персонс менен У. К. Митчеллдин жетекчилигинде жарык көрө баштаган. Азыркы учурда дүйнөдө 10 миңден ашык социалдык-экономикалык багыттагы М-дер жүргү- зүлүп, дүйн. кабар агенттиктеринин (Рейтер, CNBC Bloomberg, Россияда - ИТАР-ТАСС, Интер-факс ж. б.) басылмаларында дайыма чыгып турат.