МОЛДОБАСАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛДОБАСАН Мусулманкулов [1883, Нарын уезди, Куртка болушу (азыркы Нарын обл., Ак­Талаа р-ну, Терек кыш.) - 16. 6. 1961, Фрун­зе] - акын, манасчы, комузчу жана кыякчы. Кыр­гыз ССРинин эл арт. (1935). К. Мол­добасановдун ата­сы. Атасы айыл­дык дарыгер бол­гон. М-дын акын­дык шыгынын ой­гонушуна «Манас» эпосун айткан, өз алдынча жамак­татып ыр чыгара билген.

Агасы Ка­лыгул себепкер болгон. Мындай чөйрөдө өскөн М.

17 жашынан элдик ырларды үйрөнүп, өзүнчө ыр чыгарып, аны күүгө салып, айыл ичинде ырдай баштаган. Мукам үнү, аткаруучулук чебердиги анын атын эл арасына таланттуу ырчы катары тааныткан. Андан 1930-ж. «Салтанат» даста­ны, 1935-ж. «Күлбара менен Асан», 1936-ж. «Ос­мон баатыр», «Акылдуу кыз, зулум хан» жо­моктору, «Жаныш-Байыш», «Кедейкан» дас­тандары,

«Курманбек», «Жаңыл Мырза», 1944- 45-ж. «Манас», «Семетей» эпостору жазылып алынган. Октябрь революциясынан кийинки социал­дык турмушту жана советтик патриотизмди даңазала­ган «Ыр жыйнагы» 1962-ж. жарыкка чыккан. М. 1933-52-жылы Туулган Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.