МОЛДО НИЯЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЛДО НИЯЗ Эрназар уулу (1823, азыркы Бат­кен обл., Кадамжай р-ну, Кызыл-Булак деген

жер - 1896, ошол эле жер) - кыргыздын алгач­кы жазгыч акындарынын бири; агартуучу жана кыргыз тилинде эң алгач кагазга түшүрүлгөн - «Санаттар» аттуу кол жазма китептин автору. М. Н. өз заманынын билимдүү, араб, фарсы, эски түрк (чагатай) тилдеринде сүйлөй билген инсан­дарынан болгон. Кашкар ш-ндагы медреседен билим алган. Анын чыгармалары кызыл-суу­лук кыргыздардан тартып Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Суусамыр, Чүй өрөөндөрүндөгү, Фергана аймагындагы элге кеңири белгилүү бол­гон. М. Н-дын ырларында өлүм, өмүр, Аалам, жакшылык-жамандык сыяктуу философиялык терең ойлор, ошондой эле 19-к-дын 2-жарымындагы кыргыз жергесиндеги тарыхый шарттар да баяндалган. Санат ырларында 1845-58-ж. Кудаяр хандын кордугуна чыдабаган ферганалык кыргыздардын жер которушу, Кашкарга качып барган кыргыз­дарга Жакыпбек бийдин көрсөткөн кордугу, 1864-ж. орус падышалыгынын Ташкент, Чым­кент ш-н басып алуусу жана Курманжан датка­га байланыштуу окуялар чагылдырылган. М. Н-дын адабий мурасын элге жеткирүү демил­геси проф. Б. Юнусалиевге таандык. КР УИА­нын Кол жазмалар фондусунда М. Н-дын өз кол тамгасындагы үч кол жазма китеби жана бир кошок жазылган чоң барак бар, калгандары эл оозунан жыйналган материалдар болуп саналат. Биринчисин К. Сыдыкбаевдердин жардамы менен таап, В. Юнусалиев, үчүнчү кол китепти А. Эрке­баев Алайдан А. Азимов деген кишиден алып келип, КР УИАнын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. «Кат» деп аталган жазманы Тил, ада­бият институту уюштурган экспедициянын мүчөлөрү Айдар Молдодон 1974-ж. алып келип фондуга өткөрүшкөн. Аларды тартипке келтирип, 0. Соо­ронов «Молдо Нияз: Санат дигарастар» деген аталыштагы китепти 1993-ж. жарыкка чы­гарган.