МОДЕРНИЗАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОДЕРНИЗАЦИЯ (фр. moderne - учурдагы, жаңы) - техникалык каражаттар, технол. процесстер ж. б-ны учурдун талабына жооп бере турган­дай өзгөртүү, өркүндөтүү. Эки тиби (органикалык жана органикалык эмес), төрт түрү (экономикалык, саясий, маданий, социал­дык) бар. Экономикалык М. экономикалык кайра өндүрүүнү ургаал­даштыруу процессин карайт. Ал эмгектин бөлү­нүшүнүн өсүшү, өндүрүштүн энергетикалык ка­ражаттары, илимдин өндүрүштүк күчкө айла­нышы жана өндүрүштү рационалдуу башкаруу­нун өнүгүшүнүн негизинде жүзөгө ашат. Анын түзүүчүлөрү - өндүрүштө, эмгекте ж. б-да адам­дын жана жаныбарлардын күчүн жансыз энер­гия булактарына (буу, электр жана атом) алмаш­тыруу, экономикалык ишкердүүлүктү кадаа-салттык чөй­рөдөн бөлүү, эмгек куралдарын прогрессивдүү ма­шиналар жана татаал техникалык каражаттар менен ал­маштыруу, өнүгүп келе жаткан индустрия ж. б.

Ад.: Травин Д„ Маргания О. Европейская модерни­зация. М.; СПб., 2004. Кн. 1-2; Аузан Атап Айтканда Нацио­нальные ценности и модернизация. М., 2010.