МКРТЧЯН
МКРТЧЯН Мгер (Фрунзе) Мушегович (4. 7. 1930, Армения, Ленинакан ш. - 29. 12. 1993, Ереван) - актёр, СССР эл арт. (1984). Ереван театр институтунда окуган. 1956-жылдан Сундукян атындагы театрда иштеген. Кинодо алгач комедиялык ролдордо тартыла баштаган («Даректи издөө», 1955; «Дарыя эмне деп күүлдөйт» жана «01-99», 1959). «Отуз үч» (1966), «Айболит- 66» жана «Кавказ туткуну» (1967) фильмдеринде өзгөчө кебете-кешпири башкы

каармандардын образдарында колдонулган, ал эми «Үч бурчтук» фильминде М-дын лирикалык жана драмалык чеберчилиги ачылган (Армян ССРинин мамлекеттик сыйл., 1975). М-дын комедиялык жана драмалык жөндөмдүүлүгү Апронун («Наапет», 1977), Рубендин («Мимино», СССР мамлекеттик сыйл.) жана Арменактын («Жоокер жана пил», Бүткүл союздук кинофестивалдын сыйл.) - экөө тең 1978, Григори-агинин («Кордоо», 1980) ролдорунан көрүнөт. «Өткөнкүндүн
ырлары», (1982); «Бойдокторго жатакана берилет» (1984) ж. б. фильмдерге тартылган.